07.08.2018 16:10

«Кабар-инфо» гезити Сапар Исаков тууралуу макаласын төгүндөөгө милдеттендирилди

«Кабар-инфо» гезити Сапар Исаков тууралуу макаласын төгүндөөгө  милдеттендирилди

ЖМКлардын үстүнөн даттанууларды кароо комиссиясы КСДПнын расмий өкүлүнүн арызын  карап чыкты. Анда Кундуз Жолдубаева «Кабар-инфо» гезитинде үстүбүздөгү  жылдын 15-июнунда  жарык көргөн «Центерранын» кызыкчылыгын С. Исаков неге коргогон?» деген аталыштагы макала Кыргызстан журналисттеринин Этикалык кодексине туура келбесин айтып, карап чыгууну суранган.

Арызда: «Макала мурунку премьер-министрдин беделин түшүрүп, жаманатты кылуу максатын көздөйт. Дал ушул макаладан кийин КСДП жана анын жетекчилигине каршы маалыматтык согуш башталды. Кабарчылык иште «имиштерге караганда», «коомчулук .. деп эсептейт» деген булактарга таянууга жол берилбейт. Макаланын автору болсо, дал ушул ыкманы колдонуп, беделдүү бир да булакка шилтеме берген эмес. «Кабар-инфо» гезитинин кабарчылары экинчи тараптын (Исаковдун жактоочуларынын, КСДПнын маалымат кызматынын) оюн угууга аракет да кылган эмес. «Кабар-инфо» гезитинин кабарчылары Сапар Исаков «Газпром Кыргызстан» ишканасында иштеген, ал түгүл 10 миң доллар маяна алчу деп жазып чыгышкан. Бул тууралуу компаниянын өзүнөн тактап сурап да койгон жок.(Биздин маалымат боюнча, С.Исаков  «Газпром Кыргызстан» компаниясында эч качан иштеген эмес.) Материалдагы «С.Исаков  кызматтык абалынан пайдаланып, «Газпром Кыргызстан»  ЖЧКсынын кызыкчылыгын коргоп, ошол эле убакта ал компанияны салыктарды жана пошлиналарды төлөөдөн бошотуп келген» деген маалымат  чындыкка жатпайт жана негизсиз. Мына ушундан улам, аталган макала этикалык нормаларды бузат деген ойдобуз», -деп жазылган.  

Комиссия макаланын мазмунун жана арыздануучунун жүйөөлөрүн карап чыгып, комиссия мүчөлөрүнүн пикирин угуу менен ЖМКларга өз чечимин таратты. Анда макалада Этикалык кодекстин 10-беренеси менен 17-беренеси бузулганы айтылат. Мындан улам, «Кабар-инфо» гезитинин редакциясы  «Центерранын» кызыкчылыгын С. Исаков неге коргогон?» макаласына төгүндөө жарыялоого милдеттендирилди. Төгүндөөнүн текстин алгач комиссиянын макулдугунан өткөрүү зарылдыгы айтылды.

Кыргызстандын журналисттеринин 23 беренеден турган этикалык кодекси 2007-жылы кабыл алынган. Он жылдан ашуун убакыттан бери Маалымат каражаттарынын үстүнөн түшкөн даттанууларды караган комиссия ыктыярдуу түрдө иштеп келатат. Комиссия басылмаларга болгон нааразылыкты сотко жеткирбей жөнгө салууну көздөйт.